Бишкекте Жылдыз Мамбаева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июнда Ленин РИИБге эжеси кайрылып, 1986-жылы туулган бир тууганы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, Жылды Кызыл-Аскер кичи районундагы үйдө жашаган. 2024-жылдын 17-ноябрынан 2025-жылдын 18-майына чейин дайыма байланышта болгон, бирок 19-майдан тарта телефону өчүрүлүп калган. Учурда анын кайда экени белгисиз болуп жатат.
Сүрөттөгү аялды көргөндөр болсо, (0312) 35-29-47, (0703) 69-90-55 номурларына чалсаңар болот.










