Жалал-Абад облусунда үч ипотекалык турак жай комплексинде 1977 батир пайдаланууга берилди
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жана Сузак районунда мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган «Асман Резиденс 7», «Асман Резиденс 8» жана «Асман Резиденс 14» турак жай комплекстериндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Жалпысынан үч турак жай комплексинде 1 977 батир жарандарга тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Талант Жекшенов, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жаңы батирлердин ээлери катышты. Өлкө аймагында ишке ашырылып жаткан масштабдуу мамлекеттик турак жай программасы президенттин түз колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Ал эми турак жай объектилеринин курулушу жана тиешелүү долбоорлордун ишке ашырылышы президенттин Иш башкармалыгынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик турак жай программасынын негизги максаты — жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу, калктын жашоо шартын жакшыртуу жана өлкөнүн бардык аймактарында заманбап турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында жалпысынан 80 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул багыттагы ири долбоорлор өлкөнүн шаарларында жана райондорунда ырааттуу ишке ашырылып, миңдеген үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө багытталууда.