«Айыл өкмөт, аким, мэрлерге бул эскертүү — бул жеке эле буларга эмес, министрликтерге, өкмөттүк кызматкерлерге эскертүү» деди Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып.
«Мурдагыдай болбойт. 1 миллион сомго бир нерсе салдык деп аны көмүп, аны 300-400 миң сомго салып койгон болбойт. Жол бербейбиз. Биз мындайларга 5-10 эсе көп кайтармайын түрмөдөн чыкпайт деп мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатабыз. Болбосо, жеген акчаны төлөтсөк, бул адат болуп калат экен», — деди Жапаров.