Abank_oct
SerepTV Logo

Тармактык комитет күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча маалымат алды

Тармактык комитет күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча маалымат алды
 
Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин экономика тармактарын жана калкты 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду. Маалыматты энергетика министри Алтынбек Рысбеков берди.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясынын импортунан көз карандылыкты азайтуу жана учурдагы тартыштыкты жоюу маселелерин ортого салып, ички энергетикалык кубаттуулуктарды көбөйтүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Ал эми эл өкүлү Бекмурза Эргешов чакан ГЭСтерди өнүктүрүү, жашыл экономиканы өркүндөтүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү маселелерине токтолсо, депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөргө, анын ичинен белгиленген 3 кВт лимити тууралуу суроо узатты. Депутат Максат Алымбеков энергетика тармагындагы дебитордук карыздын учурдагы абалына көңүл буруп, аны кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тактады. Андан тышкары, депутат Эдита Тайгараева электр энергиясын үнөмдөө жана өлкөнүн энергетикалык системасына түшкөн жүктү азайтуу максатында социалдык объектилерди жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимди эске салды. Ошону менен бирге республикадагы көптөгөн айыл өкмөттөрү дотацияда экенин жүйө келтирип, аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү же субсидия берүү боюнча кандай чаралар каралганын сурады. Ал эми депутат Талайбек Масабиров күз-кыш мезгилинде көмүр кампаларынын иши жана көмүрдүн талаптагыдай сапатын камсыз кылуу тууралуу кеп кылды.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алынды.
SEREP MEDIA