1-октябрдан тартып өлкөдө суук түшүп, тоолордо кар жаайт

Кыргызстандын аймагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин абанын температурасы төмөндөйт. Мындай маалыматты Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет таратты.

Өлкө аймагында шамал болуп, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо жаан жана кар жаашы ыктымал. Кыргызгидромет билдирген маалымат боюнча, 1-октябрдан тарта абанын күндүзгү температурасы болжол менен 10 градуска чейин, түнкүсүн 5-6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.