1-сентябрдан тарта электр энергиясына болгон жаңы тарифтерди киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин жаңы баа саясатын 1-августтан баштап киргизүү пландаштырылган. «Бир аз кечигип калдык. Биз документалдык иш-чараларды жүргүзүшүбүз керек. Жаңы жобо Юстиция министрлигинен катталат. Эгерде долбоордун коомдук талкуусу 15-июлда аяктаса, аны өкмөттүн бекитүүсүнө сунуштоо үчүн туура бир ай убакыт керек. Андан кийин 15-августтарда министрлер кабинетинен жарлык күтөбүз. Биз аны арткы дата менен киргизе албайбыз, андыктан 1-сентябрга пландаштырып жатабыз», — деди Миргүл Айдарова.
Июнь айында Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө министрлер кабинетинин токтом долбоорун сунуш кылган. Талкуу 15-июлда аяктайт. Ошол убакка чейин жарандар өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айта алышат.









