ИИМ жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда төмөнкү эреже бузуулар үчүн айдоочунун билимин жеринде текшерүү сунушталууда:
тыюу салынган, бузук унааны айдоо;
номуру жок же аны жашырганга аракет кылгандар;
ыйгарым укуктуу органдын унааны токтотуу талабына баш ийбегендер;
белгиленген ылдамдыктан ашыргандар;
светофордун кызыл жарыгында же тескөөчүнүн тыюу салган белгиден өтүү;
тротуардан же велосипед жолдору менен айдоо, коомдук транспортко жол бербей коюу, машинаны атайын «дарылдатып» алуу;
каршы тилкеге чыгып айдоо же туура эмес манёвр жасоо;
автоээнбаштык;
эреже бузуп, бирөөнүн мүлкүн же инфраструктураны бузуу;
эреже бузуп бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирүү;
мас абалында унаа айдоо же мастарга машинаны айдатуу;
унаанын конуструкциясында каралбаган жабдуу, чаптама жана башкаларды уруксаты жок орнотуу;
кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу;
жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу;
Ушул эрежелерди бузган айдоочу токтотулуп, эрежелер суралат. Эгер билбей калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу экзаменге жөнөтүлөт. Ал эми эреже бузуулар камера аркылуу катталса, машинаны айдап жүргөн айдоочу өзү экени далилденсе гана экзаменге жөнөтүлөт.