«10 күндөн бери суу жок». Таш-Дөбө айылынын тургундары бош чакалары менен көчөгө чыгышты

Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айылынын тургундары бош чакалары менен жолго чыгышты. Алар ушундай жол менен өлкө бийлигинин көңүлүн өз көйгөйлөрүнө бурдургусу келет. Видеону «Апрель ТВ» жарыялады.

Тургундардын айтымында, айылда 10 күндөн бери суу жок. Мындай акцияны күн сайын уюштурууну көздөшүүдө.