Эртең, 10-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +13…+15 градус болот.