Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте журналист Шайырбек Абдырахман уулунун улуу баянды кара сөз түрүндө айткан 104 сериялуу “Манас баяны” көрсөтүүсүнүн таанытым иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу «Манас» театрынан билдиришти.
Шайырбек Абдырахман уулу эми мындан ары улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Семетей” эпосунун 3 томдугун калың журтка кара сөз менен айтып берүү алдында турат.