Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +13…+18 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8 градус, күндүз +22…+24 жылуу болот.