Эртең, 12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15… +20, күндүз +28… +33;
Талас жергесинде түнкүсүн +14… +19, күндүз +27… +32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16… +21, күндүз +27… +32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8… +13, күндүз +19… +24;
Нарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +22… +27;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +29… +31 градус болот.












