ӨКМдин суучулдары ушул жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарышты. Жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, 5470 килограмм суу астынан таштанды терилген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.