"140 киши келдик". Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Түркияда бүгүн тигилип бүтөрү маалымдалды
Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр Түркияда бүгүн, 14-февралда тигилип бүтөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Түркиядагы зилзала катталган жерде жүргөн ыктыярчы Рысгүл Бабашова билдирди.
Анын айтымында, боз үйдү тигүүгө Кыргызстан Достук жана Маданият коомунун мүчөлөрү, Түркиядагы жана вандык кыргыздар тигип жатышат. "140 киши келдик. Кыз-жигиттер аралаш жардам берип жатабыз. Бүгүн тигип бүтөбүз", - деди ал.