Abank july
SerepTV Logo

Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушту

Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрт чыккан жерде соодагерлер менен жолугушту
 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өрт чыккан «Мадина» базарынын соодагерлери менен жолугушту. Шаар башчысы өрттү өчүрүүгө тартылган ӨКМ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарындагы кыска туташуу себеп болушу мүмкүн. Окуянын так себептерин аныктоо үчүн видеобайкоо камераларындагы жазуулар изилденет.

«Азыркы учурда эң негизгиси — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттү өчүрүү. Жабыркагандарды сөзсүз аныктап, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз. Бардык кырдаал көзөмөлдө», — деди Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
 
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын суу ташуучу атайын техникалары жөнөтүлдү. Бардык тиешелүү кызматтар өрттү жоюу иштерине көмөк көрсөтүүдө.

SEREP MEDIA