Эртең, 15-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;
Талас жергесинде түнкүсүн +21…+26, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус болот.