Эртең, 15-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, күндүз тоолуу аймактарда жаан, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0….5;
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус, күндүз -1…-3 градус суук болот.