Март айынын ортосунан тарта Бишкектин айрым көчөлөрүнүн тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-марттан тарта Кытай грантынын эсебинен баш калаанын ички жолдорун оңдоо кайра жанданат. Мындан улам, көчөлөрдүн 14 тилкесинде автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Чектөө киргизиле турган көчөлөр:
- Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушуна чейинки тилкеси;
- Түгөлбай Ата көчөсүнүн Ибраимовдон Орозбековго чейинки тилкеси;
- Айбийке көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушундагы темир жолго чейинки тилкеси;
- Ажыбек Баатыр көчөсүнүн Жунусалиевден Манас проспектине чейинки тилкеси;
- Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Масалиев көчөсүнө чейинки тилкеси (Арча-Бешик конушу);
- Стадион көчөсүнүн Абдрахмановдон Магистралга чейинки тилкеси (Ынтымак конушу);
- Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейинки тилкеси;
- Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдого чейинки тилкеси;
- Новая көчөсүнүн Ленскаядан Жеңиш конушуна чейинки жана Жеңиш конушундагы тилкеси;
- Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан Баатырга чейинки тилкеси;
- Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкинден Каралаевге чейин;
- Фере көчөсү Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейин;
- Буденый көчөсү. Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектисине чейин;
- Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.
Бишкектин жолдорун оңдоонун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул учурда беш көпүрө, жалпы узундугу 70 чакырымдык 60 көчө оңдолот. Ошондой эле көчөлөрдүн баарына сугат арыктары, тротуарлар коюлуп, кеңейтилет.










