16-февралда Бишкектеги Жеңиш конушунда таза суу жок болот

take water in glass from water wet

16-февралда саат 9:00дөн 16:00гө чейин Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ичүүчү суу «Жеңиш» суу топтомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. «Бишкек суу канал» ӨЭБы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.