16-майдан тарта кыргызстандыктар Орусияга унаа менен кире алат

Орусия 16-майдан тарта Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын чек арасы аркылуу кирүүсүнө киргизилген чектөөнү алып салат. Буга чейин кыргызстандыктар Орусияга учак менен гана кирчү.

Орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Татьяна Голикова май майрамдарынын алдында коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришинин жана жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен жана ыкчам штабдын талкуусунун жыйынтыгында кабыл алынды.