169 Баткен облусунун тургуну Ысык-Көлдөгү пансионаттарга жайгаштырылды

Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл облусунун санаторий жана пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
“Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көл” 4 адам, “СОС” балдар үйүнө 20 адам, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылынын Исабеков көчөсүндө жайгашкан турак үйгө 11 адам​ жана өз каалоосу менен туугандарыныкына кеткен 30 адам. Жалпысынан 169 адам жайгаштырылды.
Жарандарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылууда.