17 жаштагы кыздын көз жарышы. Жакындары анын бир жылдан бери зордукталып жүргөнүн айтышкан

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан көз жарган өспүрүм кыздын кимден төрөгөндүгү боюнча тергөө жүрүп жатканын, кылмыш иши козголгонун билдирген эле.

Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин билдирди. Тактап айтканда, ал психикалык жактан артта калуу менен жабыркайт. 

«Бизге кыздын апасы кайрылды. Кыз апасынын биринчи турмушунан экен. Апасы турмушка чыгарда кызын өзүнүн апасына таштап кеткен. Кыз психикалык жактан артта калуу менен жабыркайт. Апасынын айтымында, кызды айылдагы балдар бир жылдан бери зордуктап жүрүшкөн экен. Апасы кызынын 37 жумалык боюнда бар экендигин билип, милицияга арыз жазган. Бирок милиция тарабынан иш жеткиликтүү каралбай жатыптыр»,— деди ал. 

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кыз Бишкектеги төрөт үйүнүн биринде көз жарган. Милицияга жашы жете элек кыздын көз жарганы тууралуу маалымат 8-июнда төрөтканадан түшкөн.

Аталган факт ​аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБге 9-июнда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине​ ​катталып, сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 164-беренеси менен башталган.​ ​