Эртең, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Эртең менен жана күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз +1…+3 градуска чейин жылыйт.