«1700дөн 3400 сомго чейин». Садыр Жапаров 1-октябрдан тартып пенсияны жогорулатуу чечими кабыл алынганын айтты

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына тапшырмасы менен 1-октябрдан тартып пенсияны жогорулатуу чечими кабыл алынганын жазды.

«Менин тапшырмам менен өлкөнүн Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар.

Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 миллиард сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард сом бөлөбүз. Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз. Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат», — деп жазды өлкө башчы.