Эртең, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарындын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.