Эртең, 2-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус жылуу болот.