Саат 08:00дөн тарта 2 миң 435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
«Бүгүн саат 8:00дөн баштап 2 миң 435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Чет өлкөдөгү 48 шайлоо тилкесинде референдумга добуш берүү жүрөт. Учурда ал тилкелердин 15и ачык. Добуш берүүчү жайдан тышкары 19 миң 298 шайлоочу киргизилген, кечээ анын 17 миң 99у добуш беришти. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт», — деди ал.