Abank
SerepTV Logo

"2 саатта 980 орун ээленди". Элчилик виза күтүү убактысын кыскартуу боюнча аракеттерин уланып жатканын билдирди

"2 саатта 980 орун ээленди". Элчилик виза күтүү убактысын кыскартуу боюнча аракеттерин уланып жатканын билдирди
АКШнын элчилиги 12-сентябрда виза интервьюсуна жаңы 980 орун ачты. Виза алууну каалоочулар 2 сааттын ичинде бул орундарды ээлеп коюшту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. "Биз жакында Кыргыз жарандарын биринчи кезекте орундар менен камсыз кылуу үчүн кыргызстандык эмес жарандарды кабыл алуу эрежелерин жаңырттык. Кенен маалымат алуу үчүн биздин веб-сайттын Visa баракчасына кириңиз. https://kg.usembassy.gov/ky/visas-ky/" target="_blank" rel="noopener noreferrer">https://kg.usembassy.gov/ky/visas-ky/ АКШ элчилиги визаны күтүү убактысын кыскартуу боюнча аракеттерин улантат", - деп айтылат маалыматта.