20 жаштагы Кыргыз жаранын Орусияга киргизбей коюшкан. Элчилик себебин түшүндүрдү

Кыргыз жараны акыркы жолу Орусиянын аймагында жүргөндө эки жолу жол эрежесин бузган жана административдик айып салынып, мыйзам бузуучу тарабынан төлөнгөн. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандын Орусия Федерациясынын аймагында жүргөн мезгилинде эки же андан көп административдик укук бузуулардын жасалышы мамлекеттик бийлик органдарынын Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алуусуна алып келет. Кыргыз жаранынын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөнү алып салуу боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өтүнүч каттар дароо жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын жараны Орусияга кирүүгө чектөө коюу маселеси чечилмейинче, кийинки рейс менен Кыргызстанга кайтарылат. Элчилик Кыргыз жарандарынан Орусияга учардын алдында Ички иштер министрлиги аркылуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын сайтынан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Орусиянын аймагына киргизбөө чечимдери көрсөтүлгөн маалыматты текшерүүнү суранат.