«Автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өткүлө. 20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Эгер бул көрүнүш улана берсе, 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдагыдай автобустардын мүрзөсүнө айланат. Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла.
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди
18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...












