2022-2023-окуу жылындагы каникулдардын графиги

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылына карата окуу планын бекитти. Ошону менен бирге каникулдардын графиги бекитилди:

Күзгү каникул 31-октябрдан 6-ноябрга чейин;

Кышкы каникул 30-декабрдан 10-январга чейин;

Жазгы каникул 20-марттан 29-мартка чейин.

Биринчи класстын окуучулары үчүн каникул үчүнчү чейректе кошумча бир жумага узартылат.