Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, комитет төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын калкынын арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды же саламаттыкка башка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо максатында аталган тамак-аш азыктарын же чийки аш затын өндүрүү, жүгүртүү жана сатууда соода-сатык жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен техникалык регламенттердин эрежелеринин талаптарын бузгандарга карата мыйзамдуу чараларды күчөтүүгө багытталган.
«Укук бузуулар жөнүндө кодексинин колдонуудагы ченемдерине ылайык, санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сомго чейин айып пул салуу жаза чараларын көрүү каралган. Бирок, практика жүзүндө салынган айып пулдардын суммасы ишкерлер жана майрамдык иш-чараларды уюштургандар үчүн таасир этүүчү чара болуп саналбайт», — деген Винера Раимбачаева мыйзам долбоорлору менен жеке жактарга 50 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталып жатканын кошумчалады. Муну менен катар баяндамачы тамак-аштан массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык абал жыл сайын курчуп бара жатканын айтып, 2023-жыл ичинде 212 бактериялуу тамак-аштан уулануу катталып, 590 кишинин жабыркоосуна жана 5 өлүмгө алып келгенин белгиледи.