Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого уруксат берилди
Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул ата мекендик мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн жаңы ири рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда 2026-жылдын 31-августунда өсүмдүк карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча Протоколго кол коюлган. Аталган Протоколдун негизинде Кытай тарап 2026-жылдын 20-октябрындагы №149 расмий жарыясын жарыялап, Кыргыз Республикасынан төмөнкү жаңы мөмө-жемиштерди импорттоого уруксат берди:
Малина (Rubus idaeus);
Карагат (Ribes nigrum);
Ежевика (Rubus fruticosus).
Протоколго ылайык, Кыргыз тарап экспортко чыгуучу таңгактоочу ишканалардын жана продукция өстүрүлгөн жерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн Кытай тарапка сунушташы керек. Ошол эле учурда Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы тиешелүү каттоо иштерин кыска мөөнөттө жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.
Кытайга экспорттоону каалаган өндүрүүчүлөргө маанилүү маалымат!
Кытай рыногуна продукция чыгаруу үчүн мөмө-жемиш өстүрүлгөн өндүрүш участоктору жана таңгактоочу ишканалар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, Кытай тараптан каттоодон өтүшү зарыл. Ушуга байланыштуу, Министрликке караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти малина, карагат жана ежевика өстүргөн дыйкандарды, ошондой эле таңгактоочу ишканалардын ээлерин каттоо жол-жоболорунан өтүү үчүн Департаментке жана анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырат.