21-апрелден тартып Орусия Кыргызстандан сүт продукциясын ташууга тыюу салды

10-апрелден 16-апрелге чейин созулган текшерүүнүн жыйынтыгында Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандын бардык ишканаларынан Орусияга сүт азыктарын ташууга тыюу салган. Бул тууралуу Лента.ру жазды. 

Эксперттер өндүрүштүк жайларды да, фермаларды да, сүт кабыл алуу пункттарын да текшерип, андан соң Орусияга экспорттолгон сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун текшерүү боюнча республикалык органдын иши натыйжасыз деген тыянакка келишкен.

Ошондой эле апрель айында Россельхознадзор Армениядан сүт азыктарын берүүнү токтоткон.