22-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Абнын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.