Эртең, 22-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +32…+37;
Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +22 …+27;
Нарын дубанында түнкүсүн +5… +10; күндүз +22…+27 даражага чейин жетет.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15… +17, күндүз +33…+35 градус ысыйт.