22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-майда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.