23-27-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар»,- дешти ӨКМден.