23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы ыктымал. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Бишкекте 23-ноябрда жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14 градус болот.