24.kg сайтынын мурдагы негиздөөчүсү Асел Оторбаева үн катты

24.kg сайтынын мурдагы негиздөөчүсү Асел Оторбаева сайттын айланасында болуп жаткан суроолорго жооп берди.

Ал эч кандай рейдерлик жол менен басып алуу болбогонун, кызматтан жана агенттиктен кетүү чечими бир жылдан ашык убакыт мурун үй-бүлөлүк жана ден соолугуна байланыштуу кабыл алынганын айтты. Шерипбаеванын кантип катталып калганын билбей турганын, Юстиция министрлиги менен чечишип жатканын билдирди. Ал эми Турдуматовду көптөн бери билет, буга чейин ал сайттын кыргыз версиясынын редактору болуп иштеген жана мамлекеттик органдар менен иштешүү тажрыйбасы бар. 

«Тарбиялуу, билимдүү, акылдуу. Биз көпкө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Акылга сыйбаган айыптоодон улам сүйлөшүүлөр жайлады. Ал ишке байланыштуу бардык нерсе менин көйгөйүм. Анын жаңы ээсине тиешеси жок. Азырынча Алмаз менен иштешип жатам. Биротоло качан кетем, аны ден соолугума жараша кийинчерээк чечем», — деген ал редакция эч качан оппозиция да эмес, бийликчил да эмес болгонун жазды.