Эртең, 24-мартта эртең менен жана түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.
Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн — 3…+2, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5 градус, күндүз +15…+17 градус болот.