Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.