«250 унаа топурак төгүлөт». Бишкектеги таштанды полигонундагы түтүндү өчүрүү уланууда

Таштанды полигондогу түтүндү өчүрүү уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Түтүндү өчүрүү үчүн муниципалитет тарабынан Профсоюзная көчөсүндөгү топурактарды чыгарууга жана түтөп жаткан жерге төгүүгө каражат бөлүнгөн. 250 рейс жасоо пландалууда. Топурактарды чыгаруу менен көчөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн аймак тазаланып, маселени жарым-жартылай чечет. Учурда жеринде «Тазалык» жана «Бишкек жашылчарба» муниципалдык ишканаларынын, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкек сууканал» башкармалыгынын, «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын атайын техникалары иштеп жатат.