26-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:
сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.










