27-абактын жетекчиси: «Атамбаев азыр бошотулат»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев азыр эркиндикке чыгарын 27-абактын жетекчиси Нурдин Турусбеков билдирди.

«Токтомду кечээ берген. Расмий чыгыштоо номери менен бүгүн алдык. Ортодо түшүнбөстүк жерлери болуп калды. Аны тиешелүү жактар менен аныктап, кеңешкенче ушунча убакыт болду. Азыр чыгарабыз», — деди ал.