Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук,
тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.