Эртең, 27-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14… + 19, күндүз + 28… + 33
Талас облусунда түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 27… + 32
Баткен облусунда түнкүсүн +16… + 21, күндүз + 29… + 34
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17… + 22, күндүз + 29… + 34
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11… + 16, күндүз +20…+25
Нарын облусунда түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 23… +28
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32.










