27-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 27-октябрга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +7…+9 градус болот.