28-29-октябрь күндөрү тоолуу райондордо кар жаайт

28-29-октябрь күндөрү тоолуу райондордо кар жаайт.

28-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.