Эртең, 29-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32;
Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +31…+33 градус болот.